КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
26 октября 2018
2018-жылдын 26-октябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ат-Башы, Жумгал жана Баткен АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
-Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылдык кеңешиндеги депутат К.Жакыпов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ж.Касымжановго өткөрүлүп берилди;
-Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айылдык кеңешиндеги депутат И.Султаналиев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –К.Төлөшевго өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңешинин депутаты А.Абдырахмановдун.каза болгондугуна байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – А.Набиевге өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңешинин депутаты Б.Жеенбаевдин каза болгондугуна байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – М.Ниязалиевге өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
