Үч-Дөбө жана Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды

26 октября 2018

Ош облусунун Алай райондук Мамлекеттик Администрациясынын Башчысы – акиминин 2018-жылдын 19-октябрындагы № 165 буйругу менен Үч-дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Токтомамат уулу Нурмухамед, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Ош облусунун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 23-октябрындагы № 48 буйругу менен Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Акматов Нургазы Имитиллаевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШКнын токтомуна ылайык, Ош облусунун Алай районунун Үч-Дөбө, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу 2018-жылдын 14-ноябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Чоң-Алай жана Алай АШКларына тапшырылды.

Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү