Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Жамангуловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду, бошогон мандат тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Н. Тотоновго берилди

26 октября 2018

2018-жылдын 26-октябрында КР БШК “Республика-Ата Журт” саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Жамангулов Акылбек Жекшеновичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2018-жылдын 24-октябрындагы №346-б чечиминин негизинде КРнын ЖК-нин депутаты А. Жамангулов «Альфа Телеком» жабык акционердик коомдун башкы директору болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык мандаты бош калгандыгына байланыштуу КР БШК “Республика Ата-Журт” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги депутатынын бошогон мандатын тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Тотонов Нурбек Темирбековичке берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына күбөлүк жана төш белги тапшырылды

Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2,1-бөлүгүнө, 3-пунктуна ылайык, башка ишке өтүү же ал тарабынан депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган ишти таштабоо, депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотууга негиз болуп калат.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү