2018-жылдын 26-октябрында Нурманбет жана Көк-Ой айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү
26 октября 2018
2018-жылдын 26-октябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.
Натыйжада:
- Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 11 добуш алган Байгазиев Багыш Муратбекович шайланды. Нурманбет айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган;
- Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 6 добуш алган Каратаев Таяныч Асанбекович шайланды. Көк-Ой айылдык кеңешинде 11 депутат болуп, алардын ичинен 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер аттанган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
