КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

23 октября 2018

2018-жылдын 23-октябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата, Талас, Кадамжай, Ысык-Көл, Ак-Суу, Ош, Кара-Суу, Сузак жана Нарын АШКнын чечимдерин бекитти.

Ошентип:

-Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылдык кеңешиндеги депутат Р.Шатманов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Ниязалиевге өткөрүлүп берилди;

- Талас облусунун Талас районунун Өмүралиев атындагы айылдык кеңешинин депутаты С. Малдыбаев каза болгондугуна байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер –Ж.Сагыналиевге өткөрүлүп берилди;

-Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айылдык кеңешиндеги депутат К.Каримов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –А.Алмаматовго өткөрүлүп берилди;

-Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айылдык кеңешиндеги депутат Э.Абдилатов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Т.Сарыбаевге өткөрүлүп берилди;

-Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңешиндеги депутат Т.Эшмамбетов (Деп.фракция “Республика-Ата-Журт”) депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат А.Корголдоевге өткөрүлүп берилди;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылдык кеңешиндеги депутат Н.Давлетов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Т.Шамиловго өткөрүлүп берилди;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Чий айылдык кеңешиндеги депутат Э.Султанбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Т.Шамыркановго өткөрүлүп берилди;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылдык кеңешиндеги депутат Н.Асанов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – О.Шабдановго өткөрүлүп берилди;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылдык кеңешинин депутаты А.Омурзакова каза болгондугуна байлануштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – Т.Токтосуновго өткөрүлүп берилди;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылдык кеңешиндеги депутат А.Шадыканов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Т.Осмоновго өткөрүлүп берилди;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылдык кеңешиндеги депутат Т.Уркадыров депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Э.Сейитовго өткөрүлүп берилди;

-Ош шаардык кеңешиндеги депутат Ж.Азимов (Деп.фракция “Республика-Ата-Журт”) депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат Т.Жунусовго өткөрүлүп берилди;

- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айылдык кеңешиндеги депутат Б.Шерматов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А.Умаровго өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жангак айылдык кеңешиндеги депутат А.Осмоналиев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – М.Темирбаевге өткөрүлүп берилди;

- Нарын облусунун Нарын районундагы Жерге-Тал айылдык кеңешиндеги депутат Т.Сейитмамбетов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А.Амановго өткөрүлүп берилди.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү