КРнын БШКсы 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти
23 октября 2018
2018-жылдын 23-октябрында КРнын БШКсы Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын чечими аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти.
Жалпысынан 4 шайлоо округу жана 6 шайлоо участкасы бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
