КРнын БШКсы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чараларынын календардык планын бекитти
23 октября 2018
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-октябрындагы №210 Жарлыгына ылайык Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 2-декабрына дайындалды.
КРнын БШКсы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн алкагында, 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган шайлоого караштуу негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планын бекитти.
Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө жалпы чыгымдардын суммасы 1 135 400 (бир миллион жүз отуз беш миң төрт жүз) сом түздү.
2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп “РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк”ААКсы аныкталды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
