2018-жылдын 19-октябрында Чолпон-Ата шаарынын мэри шайланды

19 октября 2018

2018-жылдын 19-октябрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү. Чолпон-Ата шаардык кеңешинде 21 депутат бар, 20 катышты. Добуш берүүнүн натыйжасында, Чолпон-Ата шаардык кенешинин депутаттарынын добуштарынын көпчүлүк санын, тактап айтканда 12 добушун «Табылга» депутаттык фракциясынан Сарыбагышев Талант Кыдыргазиевич алды. Мэр башчылыгына 1 талапкер катталган.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү