КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

16 октября 2018

2018-жылдын 16-октябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Алай, Кара-Суу, Ноокен жана Токтогул АШКнын чечимдерин бекитти.

Ошентип:

- Ош  облусунун Алай  айылдык кеңешиндеги депутат К.Сагынбаев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Т.Бопоевге  өткөрүлүп берилди;

- Ош облусунун Алай районунун Ленин  айылдык кеңешинин депутаты Э.Чынгараев  каза болгондугуна байлануштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – Б.Айдаралиевге өткөрүлүп берилди;

-Ош  облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылдык кеңешиндеги депутат И.Абылкасымов каза болгондугуна байлануштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – Д.Акбураевге өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад  облусунун Ноокен  районундагы Кочкор-Ата шаардык кеңешиндеги депутат  ”Өнүгүү-Прогресс” деп.фракциясынан З.Атчабаров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын  мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –С.Орозматовго (”Өнүгүү-Прогресс” деп.фракциясы) өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад  облусунун Токтогул   районундагы Уч-Терек айылдык кеңешиндеги депутат   А.Байышов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын  мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –Б.Ажыкуловго өткөрүлүп берилди;

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү