Ноокен жана Каракол АШКнын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди

16 октября 2018

КР БШК Жалал-Абад облусунун Ноокен, Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

Ноокен, Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: Т.Г. Абдувалиевдин, Т.Т. Калдыбаевдин, Ш.Р. Кылычбаеванын комиссиялардын курамдарынан, Кадыракун уулу К. комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде токтом кабыл алынды.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдувалиев Таалайбек Гапурович комиссиянын курамынан чыгарылып; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ташиева Айгерим Дуйшеновна резервден комиссиянын курамына киргизилди.

Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

  • “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Калдыбаев Таалайбек Толкунович,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн  Кылычбаева Ширин Рысалиевна комиссиянын курамынан чыгарылды;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кадыракун уулу Калысбек комиссиянын резервинен чыгарылды;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Атантаева Жыпаркүл Идирисовна, Турдукеев Замирбек резервден комиссиянын курамына киргизилди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү