2018-жылдын 12-октябрында Каракол шаарынын мэри жана Кумбел айыл айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

12 октября 2018

2018-жылдын 12-октябрында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү. Каракол шаардык кеңешинде 31 депутат бар, 29 катышты. Добуш берүүнүн натыйжасында, Каракол шаардык кенешинин депутаттарынын добуштарынын көпчүлүк санын, тактап айтканда 18 добушун «КСДП» депутаттык фракциясынан Каниметов Адыл Жанкорович алды. Мэр башчылыгына 2 талапкер аттанган.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 9 добуш алган Кочоров Эсенгелди Мукамбетович шайланды. Кумбел айылдык кеңешинде 11 депутат болуп, 10 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү