КР БШК жамааты Жумагулов Султанбек Жумагуловичтин мезгилсиз каза болгондугуна байланыштуу жакындарына жана туугандарына чын жүрөктөн көңүл айтып, орду толгус кайгысын тең бөлүшөт

08 октября 2018

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, туризм Министрлигинин министри Жумагулов Султанбек Жумагуловичтин мелгилсиз каза болгондугуна байланыштуу жакындарына жана туугандарына чын жүрөктөн көңүл айтууну билдирип, орду толгус кайгысын тең бөлүшөт.

Султанбек Жумагулович мамлекеттин чыныгы патриоту, өз ишинин профессионалы жана моралдык жогорку принциптеги адам болгон. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө калат.

Биз, Жумагулов Султанбек Жумагуловичтин жакындарына жана туугандарына, үй-бүлөлөсүнө орду толгус жоготууларына байланыштуу терең кайгыруу менен азаларын тең бөлүшөбүз.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты