2018-жылдын 5-октябрындагы өткөн Бурана, Миң-Булак жана Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоолорунун жыйынтыгы

05 октября 2018

2018-жылдын 5-октябрындагы Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды.

Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 8 добуш алган Комурчиев Нурлан Сагынбекович шайланды. Бурана айылдык кеңешинде 11 депутат бар, 10ну катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер аттанган.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн шайлоосу кворум болбой калгандыгына байланыштуу шайлоо өтпөй калды.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн шайлоосу 2 талапкер бирдей добуш алганына байланыштуу шайлоо өтпөй калды. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 49 беренесинин 3 пукнтуна ылайык, эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү