КР БШК Талас шаардык жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын атайын өкүлү Нусубалиев Абылгазы Бешкемпирович дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат

04 октября 2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы Талас шаардык жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын атайын өкүлү Нусубалиев Абылгазы Бешкемпирович дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, жакындарынын азасын теӊ бөлүшөт.

Нусубалиев Абылгазы Бешкемпирович эмгек жолун 1972-жылы Талас райондук курулуш бөлүмүндө (РКБ) жумушчу болуп иштеп баштаган.

-1977-жылдан 1978-жылга чейин Талас РКБ таш уста;

-1978-жылдан 2003-жылга чейин Талас районундагы Кырк-Казык орто мектебинде пионерлердин жетекчиси, башталгыч класстын мугалими, директордун орун басары, директор;

-2003-жылдан 2007-жылга чейин Талас облустук элдик билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси, методикалык кабинеттин жетекчиси;

-2007-жылдан 2009-жылга чейин Талас районунун Жергетал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

-2009-жылдан 2010-жылга чейин Талас районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы;

-2010-жылдан 2011-жылга чейин Талас облустук шайлоо комиссиясынын катчысы;

-2011-жылдын июль айынан ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын Талас шаардык жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын атайын өкүлү болуп иштеп келген. Ошондой эле, А.Б. Нусубалиев Талас облусу боюнча кураторлук ишти дагы аткарып келген.

Нусубалиев Абылгазы Бешкемпировичке үзүрлүү, ак ниет эмгеги үчүн 1976-жылы СССРдин Жогорку Советинин “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалы, 1999-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” наамы, 2008-жылы Талас райондук мамлекеттик админстрациясынын “Ардак Грамотасы”, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын “Ардак Грамотасы”, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. “Муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси” болгон.

Абылгазы Бешкемпирович кызматын аркалап турган мезгилде өлкөнүн өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон жана шайлоочулардын, кесиптештеринин арасында жогорку сый-урматка ээ болгон. Ал жогорку даражадагы адис катары эсибизде калат.

Абылгазы Бешкемпирович үлгүлүү ата, камкор жолдош, мекенчил инсан болгон.

Н.К.Шайлдабекова, А.Г.Бекматов, А.Ж.Эшимов, А.Т.Асаналиев, Г.М.Баатырова, Г.К.Джурабаева, Е.Дж.Джилкичиева, Н.Т.Арипов, Б.С.Кадыров, А.Б.Абдрахматова, А.С.Сатыгулов, К.М.Осмоналиев жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын эмгек жамааты