Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды

02 октября 2018

2018-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын  28-сентябрындагы № 597 буйругу менен Чолпон-Ата шаарынын мэри К.Саралаев, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2018-жылдын 25-сентябрындагы №29/15-1 токтомунун негизинде (ишеним көрсөтүлбөгүндүгү тууралуу), ээлеген кызматынан бошотулган.

Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 25-сентябрындагы № 153-б буйругу менен  Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектиров, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 292-б буйругу менен  Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы У.Адеков, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 2-октябрындагы №Б-16/VI буйругу менен Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Орозбаев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШКнын токтомуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 19-октябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Ысык-Көл, Кара-Суу, Жайыл жана Бакай-Ата АШКга тапшырылды.

Маалымат үчүн: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шаарга мэр боло албайт.

Ошондой эле, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү