КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
17 сентября 2018
2018-жылдын 17-сентябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жалал-Абад, Жети-Өгүз, Өзгөн, Кара-Кулжа жана Сүлүктү АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги депутат М.Адылбеков (Деп.фракция “Өнүгүү-Прогресс”) депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Сыдыковго өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги депутат А.Дуйшеев (Деп.фракция “Өнүгүү-Прогресс”) депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Т.Турдиевге өткөрүлүп берилди;
-Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак айылдык кеңешиндеги депутат Н.Акматов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Жылкыбай уулу Мурадилге өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылдык кеңешиндеги депутат А.Акматовго соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө киришине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Б. Батыровго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешиндеги депутат У. Башиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –С. Калыбаевге өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айылдык кеңешиндеги депутат О. Бокеев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –А. Муминовго өткөрүлүп берилди;
-Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешиндеги депутат Р.Мавлянова (Деп.фракция “Кыргызстан”) өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –А. Пирматовага өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
