2018-жылдын 14-сентябрында Майдан жана Миң-Куш айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды
14 сентября 2018
2018-жылдын 14-сентябрында Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан жана Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.
Натыйжада:
- Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 13 добуш алган Абдилатов Эсен Акимович шайланды. Майдан айылдык кеңешинде 21 депутат бар, 20сы катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер аттанган.
- Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 7 добуш алган Алманбетов Канат Джакупович шайланды. Миң-Куш айылдык кеңешинде 11 депутат болуп, алардын ичинен 7 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер аттанган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
