2018-жылдын 13-сентябрында Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
13 сентября 2018
2018-жылдын 13-сентябрында Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды.
Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 6 добуш алган Кудайбергенов Рысбек Молдакматович шайланды. Түгөл-Сай айылдык кеңешинде 11 депутат болуп, 10 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
