2018-жылдын 5-сентябрында Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
05 сентября 2018
2018-жылдын 5-сентябрында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды.
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 9 добуш алган Бейшебаев Эрнис Айнабаевич шайланды. Боо-Терек айылдык кеңешинде 11 депутат болуп, 10 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
