Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосу

30 августа 2018

Урматтуу Кыргызстандыктар! Кадырлуу мекендештер!

Кыргыз мамлекети  эгемендүүлүгүн 27-жылын белгилөөдө. 27 жыл ичинде Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүгө болгон кадамы бир катар оор, татаал тоскоолдуктарга туш болду. Элибиздин биримдигинин, эрктүүлүгүнүн, кеменгерлигинин натыйжасында ал күндөрдү артка таштап, жаңылануунун, умтулуунун үлгүсүн көрсөтө алдык. Коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, эки ыңкылаптын өзөгүн түзгөн шайлоо системасында жасалган олуттуу реформалар,  орун алган өзгөрүүлөр буга бирден бир мисал. Биз бир өлкөнүн жарандарыбыз. Биздин мекенибиз дал ушул жерде, ак мөңгүлүү Ала-Тоонун койнунда. Биздин ыйык милдетибиз –Кыргызстаныбызды коргоо жана аны мындан ары да өркүндөтүү! Ошондуктан баарыбыз өлкөбүздү келечекте жогору өнүккөн жана гүлдөгөн мамлекетке айландыруу үчүн, эмгектенүүгө тийишпиз.

Кадырлуу мекендештер!

Бүгүнкү жасаган ар бир кызматыбыз эртеңки биздин урпактардын, келечек муундун жыргалчылы үчүн салынып жаткан жол. Биздин жасаган эмгегибиз эртеңибиз үчүн курулган эстелик. Мекен алдында абийирдүүлүк менен ак кызмат кылып, үй-бүлө, жакындарыңыз менен бекем ден-соолукта, узак жана маңыздуу өмүр сүрүңүздөр.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы