Башкы Жаңылыктар Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине “Кыргызтест” системасы боюнча …

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине “Кыргызтест” системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү боюнча сынак тапшыруу сунушталды

30-Авг, 2018

БШКга Мамыркулова Канышайдан Бишкек АШКнын Тил боюнча комиссия түзүү жөнүндө чечимин мыйзамсыз деп табуу, шаардын мэринин кызмат ордуна талапкердин тилди эркин билгендиги тууралуу Тил боюнча комиссиянын чечимин жокко чыгаруу жана бүгүнкү күндө КР Президенттигине талапкерлер өтүп жүргөн “Кыргызтест” системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо үчүн сынактан өтүүгө Бишкек шаарынын мэрин милдеттендирүү тууралуу арыз келип түшкөн.

1. Президентти шайлоо тартиби “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамы менен жөнгө салынат.  Бул конституциялык Мыйзамга 2017-жылдын 5-июнунда Презденттикке талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин “Кыргызтест” системасы аркылуу аныктоо боюнча жаңы тартипти өз ичине алган өзгөртүүлөр киргизилген.  Бирок, “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамда талапкерлердин “Кыргызтест” аркылуу сынактан өтүүсү боюнча талап жок.

2. Өкмөттүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтому менен мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүүгө милдеттүү болгон мамлекеттик кызматкерлердин тизмеги мындайча белгиленген: “жогорку, башкы, улук жана кенже топтордогу административдик кызматтарды ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар мамлекеттик тилди төмөнкүдөй көлөмдөн жана деңгээлден кем эмес билүүгө милдеттүү: базалык деңгээлден (А2) - 2019-жылдан тартып; орто деңгээлден (В1) - 2020-жылдан тартып;ортодон жогору деңгээлден (В2) - 2021-жылдан тартып”.  Мамлекеттик жаны муниципалдык кызматкерлердин реестрине ылайык, мэрдин кызмат орду саясий муниципалдык кызмат орду болуп эсептелет.

3. “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо боюнча тил комиссиялары жөнүндө” Жобого ылайык, Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди эркин билүүсүн аныктоо максатында, Бишкек АШК тарабынан Бишкек шаарынын мэрин шайлоо боюнча тил комиссиясынын курамы бекитилген.  2018-жылдын 31-июлунда Бишкек АШКнын №8/1 чечими менен Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер А.Э.Суракматовдун “Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарына жооп берет деп белгиленген. 2018-жылдын 8-августунда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.

КР БШК 13-августтагы №158 токтому менен Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Бишкек АШКнын протоколдорун бекитти.  Суракматов А.Э. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын шайланган мэри болуп таанылды.

*Аймактык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылат. Кабыл алынган чечимдерге арыздар (даттануулар) чечимдер кабыл алынган күндөн тартып 3 калаендардык күндүн ичинде берилет.  Арыздарды (даттанууларды) берүүнүн мөөнөттөрү калыбына келтирүүгө жатпайт.  Көрсөтүлгөн мөөнөттөрү бүткөндөн кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.

Ошентип, арыз берүүчүнүн мыйзам тарабынан бекитилген тартипте жана мөөнөттөрдө Бишкек АШКнын чечимдерине КР БШКга даттанууга укугу болгон.  Арыз берүүчү тарабынан Бишкек АШКнын чечимдерине даттануу мөөнөттөрү жана тартиби бузулган.

Жогоруда көрсөтүлгөндөргө байланыштуу, А.Суракматовду Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер катары каттоодо бардык процедуралар сакталган, шайлоолорду уюштуруу мыйзамга ылайык өткөрүлгөн.

Ошону менен катар, Жумушчу топ, Бишкек шаарынын мэрине мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоону мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган болгон “Кыргызтест” системасы боюнча өтүүнү сунуштоо максатка ылайыктуу деп эсептейт.

2018-жылдын 27-августундагы КР БШКнын отурумунда арыз берүүчүлөр Жумушчу топтун чечими менен макул болуп, өз талаптарын кошушту, аларда, Ош шаарынын мэрине мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоону “Кыргызтест” системасы боюнча өтүүнү сунушту жөнөтүүнү суранышты.

Ошентип, КР БКШнын 2018-жылдын 30-августундагы №16 чечими менен, К.Мамыркулованын арызын канааттандыруудан баш тартты, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоону “Кыргызтест” системасы боюнча өтүү сунушталды

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>