Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоосу дайындалды
27 августа 2018
2018-жылдын 27-августунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын облусунун Жумгал районунун Миӊ-Куш, Тугөл-Сай, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосун дайындады.
2018-жылдын 17-августунда жаңыдан шайланган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өткөрүлгөн.
Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2018-жылдын 17-августундагы № 55 буйругу менен Мин-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ниязбеков, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2018-жылдын 17-августундагы № 57 буйругу менен Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы З.Жунушов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 13-сентябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан,Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 14-сентябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жумгал жана Кадамжай АШКларына тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
