Чаек жана Боо-Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды

17 августа 2018

2018-жылдын 22-августуна дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна бир дагы   талапкер катталбагандыгына байланыштуу шайлоо өткөн жок.

Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2018-жылдын 13-августундагы № Б-14/VI буйругу менен Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Кермалиев Идирис Дуйшенкулович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек  айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2018-жылдын 29-августуна, саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 5-сентябрына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жумгал жана Бакай-Ата АШКларына тапшырылды.

Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү