Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
17 августа 2018
2018-жылдын 17-августунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 13-августунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде:
- Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Шаршеев Урмат Бактыбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
- Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Ызабеков Медеркул Сагынбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Ак-Суу жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
