КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
13 августа 2018
2018-жылдын 13-августунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата, Талас, Жумгал жана Аксы АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан айылдык кеңешиндеги депутат Р. Кожоматов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Б. Бейшекеевге өткөрүлүп берилди;
- Талас облусунун Талас районундагы Долоно айылдык кеңешиндеги депутат О. Бокеев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Ж. Токталиевге өткөрүлүп берилди;
-Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоӊ–Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат К. Токонов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Э. Сыдыгалиевага берилди;
-Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешиндеги депутат Мамыралы уулу Бакытбек каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Г. Айтназаровага өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
