КР БШК 2018-жылдын 5-августунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды
13 августа 2018
2018-жылдын 5-августунда КР БШК Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоосунун натыйжасы жөнүндө протоколун карап чыгып бекитти.
Добуш берүү күнүндө ар бир шайлоо участкасында добуш берүүнүн башынан аягына жана жыйынтыктарын чыгарууга чейин талапкерлердин байкоочулары катышышты.
Шайлоо процессинин жүрүшүндө бардык шайлоо участкаларында МКК жана АЭУ жабдууларынын иштебей калуусу болгон жок.
Добуш берүү процесси, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана натыйжаларын аныктоо боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуулушу боюнча арыз жана даттануулар келип түшкөн жок.
Кадамжай АШКсы УШКнын протоколдорунун негизинде шайлоону өттү деп таанып, Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктады.
Майдан айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Майдан айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 5 шайлоо округ жана 5 шайлоо участок түзүлгөн. Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 21 мандатка 68 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 6607ни түзүп, анын ичинен 2882 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 43,62 % түзөт.
Шайлоонун натыйжасында төмөнкү талапкерлер Майдан айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланды (таблица).
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
