Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди
13 августа 2018
2018-жылдын 13-августунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 8-августунда өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэринин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Бишкек шаарынын мэри болуп Суракматов Азиз Эмильбекович шайланды. Бишкек шаарынын мэри кызматына көпчүлүк коалиция тарабынан 1 талапкер көрсөтүлүп, талапкер катары катталган.
2018-жылдын 8-августунда өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэринин шайлоосуна Бишкек шаардык кеңешинин жалпы 45 депутатынын 44тү катышып, добуш берүүдө талапкер А.Э. Суракматовго 43 депутат “МАКУЛ”, 1 депутат “КАРШЫ” добуш беришкен.
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын шайланган мэри “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жооп берет.
Жаңы шайланган Бишкек шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
