2018-жылдын 8-августунда Кеӊеш жана Достук айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды
08 августа 2018
2018-жылдын 8-августунда Ош облусунун Кара-Кульжа районунун Кеӊеш, Нарын облусунун Нарын районунун Достук айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.
Натыйжада:
- Ош облусунун Кара-Кульжа районунун Кеӊеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 7 добуш алган Капарова Жамиля Маматалиевна шайланды. Кеӊеш айылдык кеңешинде 11 депутат болуп, бардык 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган;
- Нарын облусунун Нарын районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 6 добуш алган Сейдилдаев Максатбек Сейдилдаевич шайланды. Бардыгы болуп, Достук айылдык кеңешинде 11 депутат бар, 11 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
