Бишкек шаарынын мэрин жана Кеӊеш, Достук айыл өкмөттөрүнүн шайлоолору башталды
08 августа 2018
2018-жылдын 8-августунда саат 9.30до Бишкек шаарынын мэрин шайлоо башталды. Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат бар, алардын ичинен 44 катышууда. Бишкек шаарынын мэрине 1 талапкер катталган, ал көпчүлүк коалициясынан Суракматов Азиз Эмильбекович.
Ошондой эле, Ош облусунун Кара-Кульжа районунун Кеӊеш, Нарын облусунун Нарын районунун Достук айылдык кеӊештеринин шайлоолору башталды.
Кеӊеш айыл өкмөтүндө бардыгы 11 депутат, алардын бары катышууда. Айыл өкмөт башчысына 2 талапкер катталган.
Достук айыл өкмөтүндө бардыгы 11 депутат, алардын бары катышууда. Айыл өкмөт башчысына 2 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
