Бишкек АШКсы жарандар К.Умуралиева, С.Антропова жана Р.Биккулованын арызын карап чыкты

07 августа 2018

Бишкек АШКсы бүгүнкү отурумунда жарандар К.Умуралиева, С.Антропова жана Р.Биккулованын арызын карап чыкты. Алар “Кызыкчылыктардын кагылышы” Мыйзамына таянып, өз арызында А.Суракматовду Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна каттабоону жана Бишкек шаардык кеңешине башка талапкерди көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүүнү суранышкан.

Бишкек АШК тарабынан талапкерди каттабоо тууралуу даттанууну канааттандыруудан баш тартуу чечими кабыл алынды.  Ошондой эле Бишкек АШКсы Бишкек шаардык кеңешине, талапкер шайланып калса жана Бишкек шаарынын мэринин кызматын аткарууга киришсе “Кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө” Мыйзамга ылайык болушу мүмкүн болгон кызыкчылыктар кагылышуусун башкаруу боюнча зарыл чараларды кабыл алууга сунуш кылды.

Ошол эле учурда Бишкек АШКга Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер А.Суракматовдун Бишкек шаарынын калкына кайрылуусу (кайрылууда көрсөтүлгөндөй, Бишкек шаардык кеңешине жана КР БШКга да жөнөтүлгөн) келип түштү.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү