Башкы Жаңылыктар "Биздин укук" Коомдук фонду тарабынан тапшырылган 2018-жылдын 1-августундагы …

"Биздин укук" Коомдук фонду тарабынан тапшырылган 2018-жылдын 1-августундагы тегерек столдун резолюциясында жазылган талаптар боюнча

06-Авг, 2018

2018-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Биздин укук” КФнун директору Калича Умуралиевадан кайрылуу келип түшкөн.  Кайрылууда көрсөтүлгөндөй, 2018-жылдын 1-августунда “Парк отелде” “Шаарлардын мэрлерин жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо.  Көйгөйлөр жана чечимдер” темасында тегерек стол болуп өттү.  Арыз берүүчүлөр, “Бишкек шаарынын мэрин шайлоо аракеттеги мыйзамдарды бузуу менен өткөрүлүп жатат.  Бир гана А.Суракматовдун гана талапкерлиги көрсөтүлдү, анда кызыкчылыктардын кагылышуусу ачык көрүнүп турат” деп эсептешет.  Кайрылуунун тиркемесинде болуп өткөн тегерек столдо кабыл алынган резолюциясы тиркелип, анда төмөнкү талаптар чагылдырылган:

1. “КР Президентинен, КР  Премьер-министринен, КР БШКдан 2018-жылдын 8-августуна дайындалган Бишкек шаарынын мэрин шайлоону жокко чыгаруу суралсын;

2.  КР БШКдан Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун башка күнүн дайындап, ачык, чынчыл жана атаандаштык шайлоо өткөрүүнү камсыздоо суралсын;

3.  КР ЖКдан  депутат К.Бокоевдин шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо боюнча мыйзам долбоорун колдоо суралсын”.

Кайрылууну КР БШКнын компетенциясынын алкагында карап чыгып, Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ төмөндөгүлөрдү белгилейт:

1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 43-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленгендей, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо өзүнчө мыйзам менен аныкталат.  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Республикалык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү алардын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

2018-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин №487 буйругу менен Бишкек шаарынын мэри А.И.Ибраимов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишеним көрсөтпөө билдирүүсүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

2018-жылдын 23-июлунда КР БШКнын №150 токтому менен Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2018-жылдын 8-августуна дайындалды.  “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаарынын мэри өз кызматынан мөөнөтүнөн бошотулган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун пайда болгондон 10 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоону дайындайт.  Шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.

“Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди көрсөтүүгө Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракцияларынын коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу.

“Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерди көрсөткөн субъект шайлоого чейин 5 жумушчу күн калгандан кечиктирбестен аймактык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн документтерди берет.

Аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде талапкерди көрсөтүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсун текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө чечимди же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимди кабыл алат.

2018-жылдын 26-июлунда Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер кылып Суракматов Азиз Эмильбековичти көрсөттү. Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер көрсөтүүгө укуктуу болгон калган субъекттер (шаардык кеңештин фракциялары, Премьер-министр), өз укугунан пайдаланган жок.

Бишкек АШК 2018-жылдын 31-июлундагы чечими менен, А.Суракматов Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер катары катталды, ошол эле учурда Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн талапкердин мыйзамдарда белгиленген талаптарга жооп берүүсү белгиленди.

КР БШК Бишкек шаарынын мэрин шайлоону өткөрүүгө даярдоодо аракеттеги мыйзамдардын ченемдерин бузуулар болгон жок деп эсептейт.

2. Кайрылууда келтирилген Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна бир гана талапкер көрсөтүлдү деген жүйө боюнча, КР БШК төмөндөгүлөрдү билдирет: “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүнө ылайык, “Бишкек шаарынын мэрин шайлоо жашыруун добуш берүү жолу менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан жүзөгө ашырылат. Эгерде ага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шайлоо болду деп эсептелет”.

“Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын көпчүлүгүн алган талапкер шайланды деп эсептелет.Эгерде:

- бир талапкер катталса, ал депутаттардын добуштарынын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын албай калса, добуштардын санынын көпчүлүгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- экиден ашык талапкерлер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл санын албай калса, добуштардын санынын көпчүлүгүн алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын санынын көпчүлүгүн алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын эң аз тең санын алса, добуштардын санынын көпчүлүгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэри шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.

Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.

Ошентип, Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна бир талапкер катталган учурда Бишкек шаарынын мэрин шайлоону өткөрүү мыйзамда каралган.

3. Кайрылууда ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер А.Суракматовдун “кызыкчылыктар кагылышуусу ачык көрүнүп турат, жана бул “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине карама-каршы келет” деп жазылган, бирок, арыз берүүчүлөрдөн далилдөөчү жүйөлөр келтирилген эмес.

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кызматчынын жеке (өзүнүн) кызыкчылыгы анын расмий милдеттерин же иш-милдеттерин аткарууга таасир тийгизиши мүмкүн болгон учурларда кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болот, бул жарандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келет же алып келиши мүмкүн.

Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу тартиби кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 15-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүндө төмөндөгүлөр белгиленген:

1) Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар тарабынан кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу кызматтык ишти жүзөгө ашырууда мүмкүн болуучу кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жоопкерчилигин өзүнө алуу боюнча аларга коюлган талаптар, ошондой эле мындай кагылышуунун бар экендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү же ачык (оозеки) арызды жогору турган жетекчиге билдирүү аркылуу жүрүп жаткан кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу, кийин кызыкчылыктардын кагылышуусун чечүү жоопкерчилигин ушул жетекчиге өткөрүп берүү менен билдирилет.

2) Ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн органдар тарабынан кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын кызматтык ишиндеги мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусун талдоо, кызыкчылыктардын кагылышуусунун бар экендиги жөнүндө ушул адамдардын арыздарын карап чыгуу, кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу же болбосо аныктоо үчүн контролдоо, текшерүүлөр, кызыкчылыктардын кагылышуусу бар экендиги жөнүндө үчүнчү жактардан келип түшкөн маалыматтарды изилдөө жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу же тийиштүү органдарга маалымдоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр жооптуу болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар;

2) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчилери;

3) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын этика боюнча комиссиясы;

4) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын персоналды башкаруу кызматы;

5) судьялардын съезддеринин ортосундагы мезгилде иштөөчү судьялык өз алдынча башкаруу органы.

Натыйжада, Бишкек шаарынын мэрилигине талапкер А.Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган учурда, мүмкүн болуучу кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча маселе, Бишкек шаарынын мэри өз ишмердүүлүгү боюнча отчет берүүчү орган катары Бишкек шаардык кеңеши тарабынан каралуусу мүмкүн.

Жогорудагылардын негизинде, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 44-беренелерин, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23, 25-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун 2018-жылдын 6-августундагы чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Биздин укук” коомдук фондунун кайрылуусунда чагылдырылган 2018-жылдын 8-августуна дайындалган Бишкек шаарынын мэрин шайлоону жокко чыгаруу жана Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун жаңы күнүн дайындоо боюнча  талаптарды канааттандырбоого чечим кабыл алды.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>