Нарын облусунун Чаек жана Эмгек-Талаа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды
06 августа 2018
2018-жылдын 6-августунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосун дайындады.
Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2018-жылдын 30-июлундагы № 47 буйругу менен Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Чилпаков Темирбек Осмоналиевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2018-жылдын 30-июлундагы № 07-пр буйругу менен Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Басылбеков Орозобек, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 22-августуна 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жумгал жана Нарын АШКларына тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
