Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешине депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат

05 августа 2018

2018-жылдын 5-августундагы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоосу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-июнундагы №133 Жарлыгы менен, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо 2018-жылдын 5-августуна, жекшембиге дайындалган.

Майдан айылдык кеңешинде 6607 шайлоочудан 2882 добуш берип, булл 43,62 пайызды түздү. Добуш берүү 5 шайлоо участкасында жүрдү. 21 мандаттуу кеңешке 68 талапкер катталган.

Шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.

Добуш берүүнүн натыйжалары боюнча арыз даттануулар келип түшкөн жок.

УШКнын протоколдорунун негизинде шайлоочулардын добуштары төмөнкүдөй болуп бөлүндү (таблицаны караӊыз).

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү