Башкы Жаңылыктар Шайлоо мыйзамындагы кемтикти калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын …

Шайлоо мыйзамындагы кемтикти калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

08-Фев, 2011

2011-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында шайлоо мыйзамындагы кемтикти калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун себебинен улам түзүлгөн бош мандаттын ордун ээлөөдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексинин ченемдерин колдонорлугу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы № 130-V токтому менен аныкталган. Бирок көрсөтүлгөн кодекс эгерде саясий партиянын тизмеси боюнча шайлангандан кийинки депутаттыкка талапкер бошогон мандаттан баш тартса же такыр эле аны кабыл алууну четке какса, б.а. ага күбөлүктү жана төш белгини тапшырууга жана депутаттык ант берүүгө келбеген учурда, тизме боюнча кийинки кезектеги тартипте бош депутаттык мандатты берүү тартибин жөнгө салбайт. Мындан тышкары талапкер өз ыктыяры менен депутаттык мандаттан баш тарткандыгы жөнүндө арызын берет, андан соң аны кайра чакыртып алган учурлар практикада кездешет, мындай кырдаал ошондой эле укуктук регламентке ээ эмес.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, бош депутаттык мандаттарды ээлөө жөнүндө маселени чечүүдө талаш-тартыш кырдаалдарга жол бербөө жана келечекте түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 33-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 10-беренесинин 1-пунктун,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентин жетекчиликке алып, саясий партиянын тизмеси боюнча шайлангандан кийинки депутаттыкка талапкердин бош мандатты алууда өз ыктыяры менен баш тарткан же аны КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына каттаган учурга чейин аны алууну четке кагуусуна тийиштүү шайлоо мыйзамындагы кемтикти калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылууну чечти.

 

 

КР БШКнын 2011-жылдын 7-февралындагы бул Чечими КР Жогорку Кеңешине жөнөтүлдү.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сердар Мутта менен жолугушту
24-Ноя, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сердар Мутта менен жолугушту

Бүгүн, 24-ноябрда КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сердар Мутта менен жолугуштуТ. Шайназаров доктор Сердар Муттаны Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.Тараптар эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достук жана боордоштук мамилелерди белгилеп, шайлоо органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун,  шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы мыкты практикалар менен тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.Т. Шайназаров Сердар Муттаны жана түрк тарапты 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоого эл аралык байкоочулар катары катышууга чакырды.Өз кезегинде доктор Сердар Мутта Кыргызстанга келип, алдыдагы шайлоого катышууга даяр экендигин билдирди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан электоралдык форумга катышууда
24-Ноя, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан электоралдык форумга катышууда

2026-жылдын 23-ноябрынан 26-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан электоралдык форумга катышууда.Форум шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча маалымат, билим жана практикалык тажрыйба алмашууга, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган.Иш-чарага 20дан ашуун чет мамлекеттин шайлоо органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышууда.Форумдун алкагында Т. Шайназаров «Кыргыз Республикасындагы заманбап шайлоо технологиялары: жеткиликтүүлүк, айкындуулук жана ишеним» деген темада баяндама жасайт.КР БШКнын төрагасы шайлоонун жеткиликтүүлүгүн жана айкындуулугун жогорулатууга, ошондой эле жарандардын шайлоо процессине болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган шайлоо технологияларын киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын тажрыйбасын тааныштырат. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы президенттик кызматка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
23-Ноя, 2026

КР БШКсы президенттик кызматка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.Касенов Аймен Абдыталиповичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Дуйсекулова Асыл Есимкуловна катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 7278 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү
23-Ноя, 2026

КР БШКсы № 7278 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү

Бүгүн, 23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:- № 7278 шайлоо участогунун дареги Чүй облусу, Москва району, Миң-Булак айыл аймагы, Садовое айылы, Советская көчөсү, 1, “Резит” жеке менчик кафесинин имараты дарегинен Александровка айылы, Фрунзе көчөсү, 223А, “Сакина” жеке менчик соода дүкөнүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү.Москва аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында  №7278 шайлоо участогунун чек арасы жана жайгашкан жери өзгөргөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>