Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды
05 августа 2018
Бүгүн, 2018-жылдын 5-августунда саат 8.00 до Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды.
Майдан айылдык кеӊешине 68 талапкер катталды, алардын ичинен 21 депутат шайланат. 5 шайлоо участкалары добуш берүү үчүн ачылды. Бардык участоктор зарыл болгон жабдуулар жана маалыматтык материалдар менен жабдылган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен үзгүлтүксүз электр энергиясы, телефон жана интернет байланыш менен камсыз кылынган.
Шайлоочулардын акыркы тизмесине жалпы 6 607 шайлоочу киргизилген. Тиешелүү сандагы шайлоо бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларына даярдалып жана өткөрүлүп берилген.
Эскерте кетсек: Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-июнундагы №133 Жарлыгы менен, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо 2018-жылдын 5-августуна, жекшембиге дайындалган.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү


