2018-жылдын 5-августуна дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү

04 августа 2018

Бүгүн, 2018-жылдын 4-августунда, 2018-жылдын 5-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү. Майдан айылдык кеӊешине 68 талапкер катталды, алардын ичинен 21 депутат шайланат.
Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү боюнча бардыгы болуп 11 шайлоочудан арыз түшкөн болсо, анын ичинен - 10 шайлоочу добуш берди, бирөөсү шайлоочулардын тизмесинен чыкпаганына байланыштуу добуш бере алган жок.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календарлык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-июнундагы №133 Жарлыгы менен, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо 2018-жылдын 5-августуна, жекшембиге дайындалган.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү