КР БШКсы жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү АШКнын чечимдерин бектитти
31 июля 2018
2018-жылдын 31-июлунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Ата, Жумгал, Алай, Аксы жана Сузак АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кен-Булун айылдык кеңешинин депутаты Абдуллаев Махамеджан Абдулкасымович өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Дүйшекеева Замира Карагуловнага өткөрүлүп берилди;
-Нарын облусунун Жумгал районунунун Чаек айылдык кеңешинин депутаты Жээнбекова Гульжан Жумакадыровна өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Биялиев Даир Советовичке өткөрүлүп берилди;
-Ош облусунун Алай районунунун Алай айылдык кеңешинин депутаты Эрматов Куштарбек Тогузбаевич өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Назарбаев Нуралы Айдаралиевичке өткөрүлүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Аксы районунунун Авлетим айылдык кеңешинин депутаты Аликеев Каныбек Анарбековичтин каза болгондугуна байлануштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер - Ажыбаев Абдыгапар Абдыразаковичке өткөрүлүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Аксы районунунун Авлетим айылдык кеңешинин депутаты Назаралиев Жолдошбек Кожобекович каза болгондугуна байлануштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – Добутова Анаркан Кубатбековнага өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районунунун Кара-Дарыя айылдык кеңешинин депутаты Султанов Каныбек Токоевич өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Абдраимов Таалайбек Исраиловичке өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районунунун Таш-Булак айылдык кеңешинин депутаты Бурханов Тайчиходжа Шамсаидович өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Юнусов Эргашходжа Ибрагимовичке өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
