Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды
31 июля 2018
2018-жылдын 31-июлунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын районунун Достук, Чүй облусунун Сокулук районунун Орок, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады.
2018-жылдын 27-июлуна дайындалган Нарын облусунун Нарын районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо катталган талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок.
Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 24-июлундагы № 297-б буйругу менен Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Чодуев Урмат Асылбекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 26-июлундагы № 141- буйругу менен Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысы Өмүрбеков Марат Рыскулович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 24-июлундагы № Б-13/VI буйругу менен Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысы Жумакулов Майрамбек Темирбекович, Шадыкан айылдык кеңешинин ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү 2018-жылдын 1-июнундагы № 1 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык
- Нарын облусунун Нарын районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 8-августуна, саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды;
- Чүй облусунун Сокулук районунун Орок, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 13-августуна саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Нарын, Сокулук, Ак-Суу жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
