2018-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлер мамлекеттик тилден сынак тапшырышат

27 июля 2018

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы, 2018-жылдын 26-июлунда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо үчүн талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында комиссиянын курамын бекитти. Талапкерлер 2018-жылдын 31-июлунда саат 14:00дө КР БШКнын имаратында сынак тапшырышат. 

Сурап-билүү үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар

Бишкек АШКсы           (0312) 36 03 32

БАШКнын катчысы    (0555) 98 44 69