Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин фракцияларына, фракциялардын коалициясына жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине КАЙРЫЛУУСУ

23 июля 2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө” 2018-жылдын 23-июлундагы №150 Токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2018-жылдын 8-августуна саат 9-00дан 12-00 чейин убакытка дайындалды.

Бишкек АШКсы Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди катоого документтерди кабыл алууну баштайт.  Мыйзамдарга ылайык, Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди көрсөтүүгө Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракцияларынын коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу.

Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди эркин билүү деңгээлин аныктоо максатында, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген мөөнөттө Тил боюнча комиссия түзүлөт.  Комиссиянын курамы, комиссиянын отурумунун датасы жана убактысы тууралуу кийинчерээк билдирилет.

Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект, 2018-жылдын 31-июлунда саат 18-00гө чейин  Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн төмөнкү документтерди тапшырат:

1) талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечимди;

2) талапкердин ат салышууга макулдугу жөнүндө арызын;

3) талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) жана жашаган жерин көрсөтүү менен анын өмүр баянынын маалыматтарын;

4) “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарын ырастаган тиешелүү документтерди (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү, жогорку билими жөнүндө дипломдун жана эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, КР Ички иштер министрлигинен соттуулугу жок экендиги боюнча маалым кат).

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди көрсөтүү шарттары жана тартиби жөнүндө кененирээк Кыргыз Респуликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтында жайгаштырылган “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жободон жана “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо боюнча тил комиссиялары жөнүндө” Жободон биле аласыздар.

Сурап билүү үчүн телефондор: Бишкек АШК (0312) 36 03 32

БАШКнын катчысы (0555) 98 44 69