Ош шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколу бекитилди

23 июля 2018

2018-жылдын 23-июлунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 18-августунда өткөрүлгөн Ош шаарынын мэринин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.

Ош шаарынын мэри болуп Сарыбашов Таалайбек Насирбекович шайланды. Ош шаарынын мэри кызматына “Мыйзам жана Ыйман” көпчүлүк коалиция тарабынан 1 талапкер көрсөтүлүп, талапкер катары катталган. 

2018-жылдын 18-августунда өткөрүлгөн Ош шаарынын мэринин шайлоосуна Ош шаардык кеңешинин жалпы 45 депутатынын 45 бары  катышып, добуш берүүдө талапкер Т. Сарыбашовго 44 депутат “МАКУЛ”, 1 депутат “КАРШЫ” добуш беришкен.

Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын шайланган мэри “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жооп берет.

Жаңы шайланган Ош шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Ош аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү