КР БШК Уланбек Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөт

23 июля 2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү жана жалпы эмгек жамааты  белгилүү журналист Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын, кесиптештеринин аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат. Аз жашап, көп жакшы иштерди жазаган Уланбек Эгизбаевдин элеси биздин эсибизде түбөлүк сакталат.