2018-жылдын 10-июлунда Учкун жана Толук айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды

10 июля 2018

2018-жылдын 10-июлунда  Нарын облусунун Нарын районунун Учкун, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Толук айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды

Натыйжада:

- Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 19 добуш алган Омуралиев Осмонбек Исмаилович  шайланды. Учкун  айылдык кеңешинде 21 депутат болуп, бардык 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер ат салышты;

- Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 6 добуш алган Орокбаев Жамгырчы Кемелбаевич  шайланды. Бардыгы болуп, Толук айылдык кеңешинде 11 депутат бар, 6сы катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 6 талапкер катталган.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү