Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Улуттук университети менен Боршайком биргеликте Конрад Аденауэр атындагы фонддун каржылоосу менен Жаш лидерлер үчүн жайкы мектеп уюштуруп берди
08 июля 2018
6-июлдан 9-июлга чейин Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Улуттук университети менен Боршайком биргеликте Конрад Аденауэр атындагы фонддун каржылоосу менен Жаш лидерлер үчүн жайкы мектеп уюштурулду.
Жаш лидерлер үчүн жайкы мектеп - бул Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн семинарларды жана тренингдерди өткөрүүгө өбөлгө түзө турган билим берүү программасы. Жайкы мектептин артыкчылыктуу милдети - мамлекеттин жаштар саясатынын багытын аныктап, шайлоо жараянына жаштарды кошуу менен өнүктүрүү. Бул долбоордун негизги максаты, жаш лидерлердин кесиптик жана лидерлик сапаттарын көтөрүп, жеке жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана алардын эмгек жолунун башталышына көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Бул долбоор жарандык билим берүүнүн алкагында БШК менен ЖОЖ биргеликте уюштурган биринчи долбоору болуп саналат. Жайкы мектептин катышуучулары лидерге тиешелүү уникалдуу тажрыйба жана билим менен камсыздалат деген ишеним чон.
- КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова “КРдагы шайлоо тармагындагы реформалар”;
-Тажикстан Республикасынын Илимдер Академиясынын Тарых институтунун директорунун орун басары, доктор Абдулло Гафуров “Тажикстанга көп партиялуу системаны түзүү”;
- Б.Гафуров атындагы Худжанд мамлекеттик университетинин Тажик элинин тарыхы кафедрасынын жетекчиси, доктор, профессор Вахоб Набиев “Жаңы баскычтагы Тажикстан Республикасынын жаштар саясаты”;
- «Эгль» коомдук бирикмесинен Чолпон Омурканова “Жаштар жана шайлоолор”;
- “Пикир” аймактык эксперттер клубунун теңтөрагасы Бакыт Бекетаев, “Кыргызстандын жаңы тарыхындагы демократия, шайлоолор жана коррупция” - деген аталышта жайкы мектепке баяндамачылар катары иш алып барып, билдирүүлөрүн окуп беришти.
Кошумча, катышуучуларга жарандардын шайлоо укугу жаатында интерактивдүү тренингдер уюштурулуп, КР БШКнын кызматкерлери АЭҮ кантип колдонулат, пайдалануу эрежелерин, алар кандай тартипте иштээрин көрсөтүп беришти.
Жайкы мектептин модератору БШКнын мүчөсү, КУУнун саясий-укуктук изилдөө лабораториясынын жетекчиси, доктор, профессор К.Осмоналиев болду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү


