2018-жылдын 5-июлунда Токтогул шаарынын мэри, Кара-Жыгач жана Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды

05 июля 2018

2018-жылдын 5-июлунда Токтогул шаарынын мэри, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун  Кара-Жыгач жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды

Натыйжада:

- Токтогул шаарынын мэри  болуп  12 добуш алган Болгонбеков Болот Турдуевич «Энергетиктердин» фракциясынан шайланды. Башчылык орунга 2 талапкер ат салышкан. Токтогул шаардык кеңешинде бардыгы болуп 21 депутат бар, алардын 21 тең катышты;

- Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы  болуп, 13 добуш алган Момунбеков Турдалы Кочкорбаевич шайланды. Кара-Жыгач айылдык кеңешинде 21 депутат болуп, бардык 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер ат салышты;

- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 15 добуш алган  Кулматов Эделбек Маматкулович шайланды. Бардыгы болуп, Көк-Арт айылдык кеңешинде 21 депутат бар, бардык 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 8 талапкер катталган.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү