Чүй облусунун Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу дайындалды

04 июля 2018

2018-жылдын 4-июлунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусунун Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосун дайындады.

Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 25-июнундагы № 160 буйругу менен Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысы Абдинасиров Элдияр Капарбекович, өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШКнын токтомуна ылайык, Чүй облусунун Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 18-июлуна саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Кемин АШКсына тапшырылды.

Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү