Жогорку Кеңештин депутаты Б.И. Сулеймановдун жарандыгы жөнүндө ММКларга жарыяланган маалымат боюнча

29 июня 2018

ММКларда, интернетте, социалдык тармактарда жарыяланып жаткан КР ЖКнын депутаты Б.И.Сулеймановдун Казакстан Республикасынын жарандыгы тууралуу 2013-жылдын 19-апрелиндеги документтердин копиялары боюнча КР БШК төмөнкүлөрдү билдирет:

2014-жылдын февралында “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Б.И. Сулейманов Казакстан Республикасынын жараны деген маалыматтарга таянып, анын депутаттык мандатын кайтарып алуу тууралуу арыз КР БШКга түшкөн.

Бул маселе 2014-жылдын 20-февралында КР БШКнын отурумунда каралып, болгон фактыларды карап чыгып, маалыматтарды толуктоо ирээтинде  атайын органдарга жарандыгын тактоо үчүн тастыктама жиберип, ошонун жыйынтыгы менен чечим кабыл алуу каралган.

2014-жылдын 25-февралында КР БШК тарабынан Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын тийиштүү органдарына  Б.И. Сулеймановдун  жарандыгын тактоо ирээтинде тастыктама жөнөтүлгөн  (КРӨ МКК, КР ТИМ, Казакстан Республикасынын БШКсы, Казакстан Республикасынын ИИМге караштуу миграция полициясы).

2014-жылдын 28-февралында Казакстан Республикасынын БШКсынын жана Казакстан Республикасынын ИИМге караштуу миграция полициясы тарабынан түшкөн маалыматында, 1963-жылдын 4-майында туулган Сулейманов Бахадыр Искакович Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандыгына байланыштуу Казакстан Республикасынын Мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 21-жана 30-беренелерине ылайык Казакстан Республикасынын жарандыгын 2010-жылдын 13-августунда жоготкондугу тууралуу миграция полициясынын Жамбыл облустук ички иштер департаментинин №29 чечими кабыл алынган деп белгиленген.

Ошондой эле, 2001-жылдын 25-декабрында Б.И.Сулеймановдун наамына берилген Казакстан Республикасынын №0166641574 өздүк күбөлүгү жана  2006-жылдын 25-декабрында берилген №165654 Казакстан Республикасынын паспорту жарандыктан чыкканына байланыштуу жараксыз документтердин тизмесине киргизилип, күчүн жоготкон.

КР БШКнын маалыматтык камсыздоо бөлүмү