Талас облусунун Талас районунун Долон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды

27 июня 2018

2018-жылдын 27-июнунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Талас облусунун Талас районунун Долон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонусун дайындады.

Талас облусунун Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 12-июнундагы № 112 буйругу менен Долон айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жоробеков, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШКнын токтомуна ылайык, Талас облусунун Талас районунун Долон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 16-июлуна саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Талас АШКсына тапшырылды.

Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү