Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандаты Ж. Исаевге өткөрүлүп берилди
27 июня 2018
Бүгүн, 2018-жылдын 27-июнунда “Электр станциялары” ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары болуп дайындалуусуна байланыштуу, “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Сарсейитов Исланбек Зайырбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Бош калган мандат “Кыргызстан” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмеси боюнча кезекте турган Исаев Жаныбек Базаркуловичке өткөрүлүп берилди. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
