КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
27 июня 2018
2018-жылдын 27-июнунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Көл, Чоң-Алай жана Сокулук АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
-Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айылдык кеңешиндеги депутат Кубат уулу Таалайбектин депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –С. Бакаевге өткөрүп берилди;
-Ош облусунун Чоӊ-Алай районундагы Кашка-Суу айылдык кеңешиндеги депутат А. Кудайбергенованын депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Б. Карыбековго өткөрүп берилди;
-Чүй облусунун Сокулук районундагы Крупская айылдык кеңешиндеги депутат А. Джакупованын КР аймагынан тышкары көчүп кеткенине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А. Абдрахмановго өткөрүп берилди;
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
